Курс НБ на 28.05.2020 $73,7136 €81,0776

Ноокен районунда авиакырсыктан оор жаракат алып, ооруканада каза болгон тургундун денеси жерге берилди

Коом
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
352
Бүгүн, 23-январда Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылында 16-январда “Манас” Эл аралык аэропортунун жанындагы авиакырсыктан оор жаракат алып, денесинин 45 пайызы күйүп, ооруканада каза болгон Сагынбек Рахмановдун денеси жерге берилди. Бул туурасында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы  өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Ноокен районунун  29 жаштагы тургуну Сагынбек Рахмановдун денесинин 45 пайызы күйүккө учурап, ал оор абалда Бишкектеги трамватология жана ортопедия институтунун ооруканасына жаткырылган эле. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер тарабынан жабырлануучуга бардык жардамдар көрсөтүлгөндүгүнө    тарабынан кичи мекенине жеткирилди. Бүгүн анын сөөгүн жерге берүү тажиясына айылдаштары, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов катышты.
    Ушул жылдын 16-январындагы авиакырсыктан Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсүнөн 4 адамдын сөөктөрү: 23  жаштагы жубайы Венера Дүйшеева, анын боюндагы 7 айлык кызы курсагынан алынып, ага Аяна деген ысым берилип, энесинин жанына коюлган. Алардын уулдары - 4 жаштагы Исабек менен 6 жаштагы Алибектин денелери дагы ушул жылдын 17-январында Курулуш айылында акыркы сапарга узатылган болчу. Авиакырсыктан курман болгон үй-бүлөнүн жакындарына КРнын Президентинин жардам берүү фондунан 100 миң сом, КРнын Өкмөтү тарабынан 70 миң сом берилген.
     Жалал-Абад облусу боюнча 20-январга карата авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча ачылган атайын эсебине 5 млн. 467 миң сом которулду.
     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.