Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Мыйзамсыз салынган үйлөр көбөйдү

Коом
20 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
471
Бишкек шаарындагы 42 конушта мыйзамсыз салынган үйлөрдүн жалпы саны 6382ге жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулу ММКларга билдирген. Жалпысынан алганда Бишкектин тегерегинде 47 конуш бар. Алардын 42синде гана мыйзамсыз курулган үйлөр каттоого алынууда. Райондор боюнча алып  караганда Ленин району боюнча — 1174, Биринчи май районунда — 3356, Октябрь районунда — 151 жана Свердлов районунда — 1701 үй бар. Бул курулуштардын тагдыры чечиле элек. Мыйзамсыз  курулуштарды инвентаризацилоо иштери акыркы жолу 2010-жылы жүргүзүлгөндүгү белгилүү.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.