Курс НБ на 18.08.2018 $69,4557 €79,1552

Мыйзамсыз курулган курулуштар бузулат. Эчким таарынбасын!

Коом
11 - Май 2018
www.erkintoo.kg
85
Борбор калаада муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулган кафе бузулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, мекеме Анкара жана Виноградный көчөлөрүнүн кесилишине курулган. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, кафе курулган жер муниципалдык парктын аймагына кирет.
 Мэрия мындан ары да тиешелүү документтери жок жана технологиялык талапка жооп бербеген, курулуп бүткөн жана курулуп жаткан жайлар бузулары тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.