Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Москвада өрттөн каза болгондордун балдарына стипендия төлөнөт

Коом
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
522

Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын балдарына жардам берүү бир жолку эле акция болуп калбашы керек. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев 26-августта Москвада өрттөн каза тапкан Динара Раимкулованын үй-бүлөсү менен жолугушуу учурунда билдирди. Динара Раимкулованын артында эки баласы – 12 жаштагы Абдыкапар кызы Жумагүл менен 10 жаштагы Абазбеков Марат калган. Ушу тапта  Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ош жана Жалал-Абад облустарын Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен бирге кыдырууда.  Балдарга жайкы жана кышкы кийимдерди жана азык-түлүктөрдү берүүдө.

 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.