Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Москвада кыргыз таксистке ок атылды

Коом
17 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
478
Москва шаарында кыргызстандык жарандын моюнуна 30 жаштагы эркек киши травматикалык тапанчадан ок атты. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда «Москва» агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка айтылгандай, шаардын Замоскворечье районунан таксистке кол салган шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Шектүүнүн айтымында, белгисиз адам аны кемсинткени үчүн травматикалык тапанча менен ок аткан. «Жабырлануучу такси кызматында иштеген 29 жаштагы кыргызстандык жаран экени аныкталды. Ал моюнуна алган жаракаттан улам Н.Склифосовский атындагы Москва шаардык илимий-изилдөө институтуна жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.