Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

Мобилдик клиника жигердүү иштеп жатат

Коом
10 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
79
Бул багытта  Ош облусундагы Мобилдик клиниканын адистери  30 – июндан, 6 - июлга  айына чейин  Чон Алай районунун бир катар айылдарында калктын саламаттыгынан кабар алышкан.  Мобилдик клиниканын адистеринин текшерүүсүнөн 415  жаран терапевт дарыгердин,  330  аял,  анын ичинде  28  кош бойлуу аялдар   акушер-гинеколог дарыгердин кароосунан,        415   жаран  ультраүн  менен изилдөөдөн  өтүштү.  Андан сырткары,    187    жаран   ВИЧ/СПИД  илдетине,   187  жыныстык  жол  менен  жугуучу илдетке тестирлөөдөн  өтүштү.  Медициналык кароонун жыйынтыгы менен  45  бейтап Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканага,  6 бейтап республикалык ооруканаларга,  12  бейтап онкология борборуна, 51 райондук, аймактык ооруканага жана   6  бейтап тери -  венерологиялык диспансерге  кошумча изилденүүгө жана дарыланууга жолдомо алышкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.