Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

“Мэттью” ураганы 1000 адамдын өмүрүн алды

Коом
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
438
4-октябрда Гаитинин аймагына океан тараптан келген акыркы он жылдан берки эң күчтүү “Мэттью” ураганы 1000 адамдын өмүрүн алды.
Жергиликтүү бийликтер аралда үч күндүк аза күтүү жарыялады. АКШнын Урагандарга байкоо жүргүзүүчү улуттук борбору Кариб бассейниндеги өлкөлөрдү тополоңго салган урагандын күчү учурда солгундап калгандыгын маалымдоодо.
“Мэттью” Кошмо Штаттардын түштүк-чыгыш жээктерин да жөн койгон жок. Шамалдын күчү саатына 230 чакырымга жетти. Урагандан Тибурон жарым аралы өзгөчө жабыр тартты, ал эми Жереми шаарынын 80%ы жок болду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.