Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Мээни сергитүүнүн жолдорун билесизби?

Коом
14 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
521
Арт-терапевтер  адамдын мээси чарчаган убакта кандай көнүгүүлөрдү жасаса, сергий тургандыгын аныктап чыгышты. Анүчүн колго карандаш алып, кагазга сүрөт тартуу гана жетиштүү экен. Убакыт өткөн сайын адам мээнин сергишин өзү сезе баштайт,- дешет изилдөөчүлөр. Андыктан колго калем кармап, тез арада сүрөт тарталы.
 
 
  • Чарчасаң кагазга гүл тарт
  • Жиниң келип турган чакта, сызыктардын түрүн кагазга түшүрө бер.
  • Ооруп турган адам  ылайдан ар кандай фигураларды жасаса болот
  • Көңүл жок болсо, кагазга ар кандай түстөрдү аралаштырып сызыктарды чийген пайдалуу
  • Капа болгондо күн желесин тарт
  • Корккондо кагаздарды кыркуу керек
  • Жан дүйнөң тынч албаса, кагаздан куурчак жаса
  • Бирөө менен макул болбогон чакта кагазды майдалап тытуу керек
  • Тынчсызданууда кагаздардан оригами жаса
  • Чыңалып турган чакта оймо-чиймелерди тартуу жардамга келет.
  • Бир нерсени эстей албай жатканда лабиринттерди тартуу керек
  • Көңүл калдыбы?  Сүрөттөрдү бири-бирине окшоштуруп тарта бер
  • Арга таппай калганда жолдун сүрөтүн тартуу зарыл
  • Күчкө толуу үчүн жаратылыштын сүрөтүн тарт
  • Өз сезимиңди байкагың келсе, өз портретиңди тартканга аракет кыл
  • Ушул сезимдерди өмүр бою эстеп калуу үчүн ар кандай түстөгү тактарды тарт
  • Квадраттарды  бир нерсени түшүнбөй жатканда тартуу зарыл
  •  Көңүлдү бир жерге кою үчүн сүрөттү точкалар менен тартуу керек
  • Айланаларды жана толкундарды  бир окуядан жакшы жыйынтык менен чыгам дегендерге тарткыла деген сунуш берилген
  • Бир ойго такалып  андан ары чыга албай жаткан адам спиралды тартсын
  • Максатка жетем дегендер буталарды тартуусу керек
 
Эскерте кетүүчү нерсе бул көнүгүүлөрдү адам бир жолу эле жасап жыйынтыкка жетишпейт. Арт-терапевтердин айтымында аны көп жолу кайталоо зарыл
Даярдаган Ж. Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.