Курс НБ на 02.12.2020 $84,7998 €101,5859

Мээ рагын токтото турган өсүмдүк табылды

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
432
Бул тууралуу Россиялык окумуштуулар айтып чыгышкан.  Ал өсүмдүк тобулгун деп айтылат. Анын кайнатмасы мээ рагын дарылоого жардам берерин аныкталды,дешкен окумуштуулар.  Бул тууралуу РИА Новости Journal of Neuro-Oncology журналына шилтеме кылуу менен жазып чыкты,- деп жазды sputnik.kg.  Мээ рагынын өрчүшүн токтоткон дарылар буга чейин табылган эмес. Санкт-Петербургдагы технология, механика жана оптика улуттук илимий изилдөө университетинин окумуштуусу Денис Бараненконун айтымында, чычкандарга эксперимент жасалган. Алгач чычкандар иликтөөгө алынган. Алардын мээ рагына чалдыккандары эки топко бөлүнгөн. Бирине тобулгунун кайнатмасы берилсе, экинчисине берилген эмес. Жыйынтыгында тобулгунун кайнатмасы берилген чычкандардын мээ рагынын өрчүшү эки эсеге азайган. Учурда окумуштуулар өсүмдүктүн адам ден соолугуна кандай таасир берерин иликтешүүдө,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.