Курс НБ на 27.01.2021 $84,8000 €103,0066

Медер Рахман, ЖК төрөгасынын алдындагы миграциялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси: “Миграция - чоң көйгөй”

Коом
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
118
Бишкекте февраль айында  Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн миграциялык кеңештин  экинчи отуруму өтөт.  Мында миграцияга байланышкан маселелер талкууланат.  Эске салсак, жаңы түзүлгөн  кеңештин максаты - мыйзам чыгаруу органы менен мигранттардын ортосундагы байланышты жакшыртып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө. Миграциялык кеңештин  катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман миграцияда жүргөн мекендештердин укуктары корголуп, аларга мамлекет тараптан колдоо керек деп эсептейт.
Медер Рахман :
  • Коомдук башталыштагы Миграция кеңешинин түзүлгөнүнө 1 ай болду. Бул аралыкта  1-отурум ЖК төрөгасы Талант Мамытовдун  катышуусу менен өткөн. Кеңеш негизинен миграция жаатына тиешелүү болгон мыйзамдарды чыгаруу, толуктоо-өзгөртүүлөрдү киргизүү жана  ошол мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин алып барат. Бишкекте февраль айынын башында кеңештин экинчи отуруму өтөт. Миграция көйгөйү аябай чоң, муну чечүүгө ар бир мекендешибиздин, ар бир мамлекеттик мекемелердин катышуусу зарыл. Ансыз чечилиши кыйын. Андыктан бардык кызыккан тараптарды сунуш, пикирлерди күтөбүз жана чакырабыз. Сыртта жүргөн мекендештерибиздин жүгүн жеңилдеткенге чогуу аракет кылалы.  Жарандар кеңештин ишмердүүлүгү менен соц тармактардан же @migrationcouncil.kg баракчалары аркылуу байланышса болот.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу