Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

Машинеңе “крутой” номер сатып ал

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
502
Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) уюштурган аукциондо эл арасында айтылып жүргөн “крутой” номерлер сатыкка коюлду. Аталган кызматтын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда алгачкы аукциондо 570 миң сомдук номерлер сатылган. Бул каражат республикалык бюджеттин кенемтесин толтурат. “Крутой” номерлер 2,5 миң сомдон тарта 5 миң сомдун тегерегинде сатылган.
Өзгөчө 101, 202,303, 404, 505, 606, 707,808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066,077, 088, 099, 110, 220,440,550, 660, 770, 880, 990 сыяктуу жана Бишкек шаарынын символдорунун бири болгон 312 номерлерин алуучулар көп болгон.
Экинчи аукцион 22-сентябрда өтөт. Бул күнү 666, 888, 999 сыяктуу “крутой” номерлер аукционго коюлат.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.