Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Мас кылып, баш оорутпаган арак сатыкка чыгат

Коом
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
640
Ашыкча арак ичкендин эртеси күнү баш оорутуп, баш жаздырбаган синтетикалык алкоголдук ичимдикти alcosynth затынын негизинде британ психиатры Дэвид Натт жасаган. Ал Лондондогу Империялык колледждин нейропсихофармакология боюнча профессору, британ өкмөтүнүн наркосаясат боюнча мурдагы кеңешчиси. Жаңы ичимдик даамы жагынан кадимки алкоголдук ичимдиктен айырмаланбайт, бирок жүрөккө жана боорго арактай зыяндуу эмес. Аны ичкенде ооз кургап, баш айланбайт жана эртеси баш оорубайт.
Эми мындай  Аlcosynth ичимдиги сатыкка 2050-жылы чыгарыла баштай тургандыгын “Азаттык” жазып чыкты.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.