Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Мамлекет төрөлгөн баланын сүйүнчүсүнө 6000 сом берүү керек

Коом
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
364
Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров парламентте маселе көтөрүп чыкты.    "Ар бир төрөлгөн кыргыз жаранына мамлекет 6 миң сом сүйүнчү бериши керек. Бул маселе 2005-жылы көтөрүлүп, анда сүйүнчүгө 600 сом берүү киргизилген. Бирок, Өкмөт колунда жокторго гана сүйүнчү берели дептир. Бардык эле үй-бүлөдө бала төрүлүп жатат да",-деди Жапаров.  Эл өкүлү төраганы аталган маселени жеке көзөмөлгө алуусун суранды. Ал эми спикер Чыныбай Турсунбеков маселе боюнча дароо ЖК аппаратына тапшырма берди. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.