Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​Мамкызматкер пара алган деп шектелүүдө

Коом
10 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
27
Ош шаардык милициясы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынын кызматкерин мыйзамсыз 10 000 сом алып жатканда кармады. Бул туурасында  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери пара талап кылып жатат деп арыз менен кайрылган. Арызда Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкери өндүрүш объектисинин документтерин бүтүрүш үчүн 10 000 сом сурагандыгы айтылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу