Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Өлкөнүн Жарандык авиациясы 83 жашта

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
577
 7-октябрь – Кыргызстандын Жарандык Авиация күнү. Кыргызстанда бүгүн Жарандык авациянын 83 жылдыгы белгиленип жатат. Буга карата Ишембай Абдраимов атындагы Авиация окуу жайында салтанат өтүп жатат. Кыргыз авиациясы: 11 аэропорт, 39 учак Авиациячылар жана коомчулуктун катышуусунда СССРдин эмгек сиңирген учкучу Абдраимовдун айкели жана музейи ачылат. Андан сырткары Кыргызстандагы авиация тармагынын пайда болушу жана калыптанышын, өнүгүшүн баяндаган китептин бет ачары болот. 7-октябрь – Кыргызстандын Жарандык Авиация күнү. Бүгүн өлкөдө бул тармактын түптөлүшүнүн 83 жылдыгы белгиленип жатат, тагыраагы бул чыйыр 1933-жылы салынган. Кыргызстандын алгачкы учак паркы У-2 үлгүсүндөгү айыл чарба учагынан турган. Ушул жылы эле Фрунзе аэродромуна У-2 үлгүсүндөгү учак 3500 метр бийиктикте Кыргыз тоолору жана Күңгөй тоо кыркалары аркылуу учуп келген. Андан сырткары Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск трассасы ачылып, Пишпек — Ташкент — Алма-Ата аба каттамы иштей баштаган. 
Асел Барыктабасова
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.