Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Өлкөнүн коопсуздук жагдайы күч органдарынын көзөмөлүндө

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
421
Өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги АКШ жана Улуу Британия элчиликтери Кыргызстандын аймагында бул айда теракт болушу мүмкүн деген маалыматты иликтеп жатат. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети жана ички иштер министрлиги өлкөдөгү коопсуздук боюнча жагдайын тыкыр көзөмөлгө алууда көзөмөлдөп турат. Эске салсак,  ишемби күнү кечинде АКШнын, ал эми жекшемби күнү кечинде Улуу Британиянын элчиликтери октябрь айында терактылар болушу мүмкүн деген маалыматты тараткан. Аталган өкүлчүлүктөр  өзүнүн жарандарын эл көп топтолгон жерлерге мүмкүн болсо барбагыла деп эскерткен. УКМКдан бул маалыматтардын негизинде жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл делген иштер жасалып жаткандыгын билдиришти. Ага кошумча, маалымат тараткан дипломатиялык өкүлчүлүктөн УКМКга расмий кабар келип түшпөгөндүгүн билдирген.  ИИМдин маалымат кызматынан министрликтин 10-кызматы УКМК менен биргеликте коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын кабарлашты. Ошондой эле Мамлекеттик Чек ара кызматынан ар бир маалыматтар текшерилип жана алар да башка күч органдары менен тыгыз иштеп жаткандыгын билдирди. Чек арадагы абал жалпысынан алганда тынч, ал эми чек арачылар күнүмдүк тартипте иш алып барып жатат. "Тажикстандагы жана Афганистандагы чек ара боюнча тажикстандык кесиптештерибиз менен маалыматтарды улам жаңыртып алып турабыз",-деп маалымдашты Чек ара кызматынан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.