Курс НБ на 02.06.2020 $73,4927 €81,8635

Өлкөдө ВИЧ илдети боюнча абал начар

Коом
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
340
Кыргызстанда ВИЧ боюнча абал начарлап, илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон сакталууда. Мындай маалыматты  БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгү билдирди. Бул жылдын  1-январына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен 7 100 адам катталган, алардын ичинен 712и бул ооруну былтыркы жылы  жуктурган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, аймактардагы абал начар болууда. 2020-жылга карата оор дартты жугузган 20 миң адам катталып, алардын арасынан 8000 бейтап убагында дарыланбай, профилактикалык программалардын жетишсиздигинен улам көз жумушу мүмкүн», - деп айтылат БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматында. Бул маселени талкуулоодо БУУнун Туруктуу өнүгүү программасынын өкүлү, Омбудсмен, өкмөт аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өтөт.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.