Курс НБ на 02.12.2020 $84,7998 €101,5859

Өлкө аймагында катуу суук болот

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
514
 18-19-февралдарында мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде борошолоп катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.. Ал эми 20-21-февралда абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, күндүз -2…-5°  Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук болот. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз  -15…-20° суук болушу күтүлө тургандыгы айтылган.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.