Курс НБ на 28.05.2020 $73,7136 €81,0776

Кыямат болгон жерде

Коом
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
409
Учак кулаган жерге кырсыктаган күндүн эртеси бардым. Көз ирмемде адамдарды кыйкырганга, ойгонгонго, чуркаганга үлгүртпөй көргө тартып кеткен аймак күйүп бүтүп, капкара таштандыга айланып жатат. Пенделердин күлкүсү, үнү, тилеги, максаты, жарык жашоосу жалп өчкөн каргашалуу кара жер эми ошол адамдардын майдаланган дене мүчөлөрүн жашырып алган. Тиешелүү кызматтын кишилери тинтүү иштерин жасап жүрүшөт. Сүрөткө тартып, кызык издеп жүргөндөр бар. Сенсация кууп, жүрөгү канап тургандардын жарасын чукугандар бар. Кырсыктаган жердин ордосунда жүрөм деп мактаныч кылып алыска чалып тургандар бар. Жардам берет элем деп майы менен тыйынын көтөргөн, атын айтпаган ак ниеттүүсү бар. «Мен жардам берип жатам» деп кол сунганын көрсөтүп, "балакет баракчаларына" жүктөгөндөр бар.
Учак жалындап келип, сүрдүгүп түшүп чакан айылдын жарымынан көбүн астына ала жыгылып, таш талканын чыгарыптыр. Түшүнгөнгө ошол чакан жерде жашоонун эң бир оор алааматы «ойнолуптур». Жөн өлүм эмес жан чыдагыс, акыл-эс кабыл албас, коркунучтуу жоготуу болуптур.
«Жардам керек, киши жетишпей жатат» деп угуп баргам, аны түз түшүнүп алган экем, туура эле өлгөндөрдү издеп жаткандарды карай басыптырмын. Аскер жигит ачуулуу токтотуп калды. «Кайда барасыз?» десе, «Казгандарга жардам берем» деп коем. «Болбойт» деп кесе айтканда гана акылсыздыгыма уяла түштүм.
Бир маалда тез-тез баскан жоон топ жаныбыздан өтүп, аман калган үйлөр жакка басышты. Артынан баары ээрчип жөнөштү. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев экен. Элге чогулуш өткөрүп турду. Жергиликтүүлөр шок абалынан чыга элек учур. Суроолоруңар болсо бергиле десе, бири «таза суу керек» дейт, бири «кемпирлер тайып жыгылып жатат, тез жардам дежур болуп турсун» дешти. Жашоочулардын көбү карапайым жумушчулар. Жупуну, баёо.
Журналисттик эмес жарандык касиетке көбүрөөк тартылып, үйлөргө кирип «кимиңиз өттү», «кантип өлдү» деп сураштан айбыктым. Жардам керек деген тарап, көрсө көрүстөн казган жакта экен. ӨКМ жай казганга бөлгөн адамдар аздык кылып, дагы 25 жигит келип жардам берсе дептир. Элди чакырып, уюштуруп, жардамчыларды чогултуп эркектин ишин жасап акын эже Бурулкан Карагулова ошол жакта жүрүптүр. «Эмне керек?» деп чалсам, «Балдар тамактаныша элек, ысык чай даярдап жатабыз, нанга кошуп жегенге бирдеме болсо», – деди. Дүкөнгө кирсем караңгы, «кырсыктан бери жарык жок, учак трансформаторду кошо жулуп кетиптир», – дейт дүкөнчү. «Кошуналарыбызга жаман болду» деп баш чайкайт.
Көрүстөнгө таштап койгулачы деп, эч кимди көндүрө алган жокмун. Акыры төлөп берейин деп жергиликтүү тургунга кайрылсам, макул болду. Ошол жерден мен дагы ылдый барат элем деп, Базарбай деген киши кошо түштү.
 
Ал буларды айтып берди:
-           Бул «аэропортинский» деген дача мурда аэропортто иштегендерге берилген. Туруктуу жашаганга эмес, келип эс алып кетүү үчүн бөлүнгөн. 1988-жылдары негизделген.
            Негизи учактар бактын үстү менен учушчу. Бул кулаган учак эмнеге элдин үстү менен учту, билбейм. Бир кемпир канаты күйүп келатканын көрүптүр. Күйүүчү майы аябай көп экен, агып жатат. Кырсык болгон учурда-саат сегиздерде жаш балдардын баштары жатса, айрымдары телефон чогултуп жүрүшөт. Учкучтар профессионалдар болушуптур. Мурда бул жерге эки-үч жолу конуп учушкан экен. Эми үйлөр менен учак конуучу полосанын аралыгы 1 чакырымга жетпейт. Үйлөрдүн коргондорунан токточу жайдын чырактары көрүнүп турчу.
-           Учактардын учуп-конгондогу үндөрүнө кантип чыдап жашайсыздар?
-           Азыр үндөр азайып калды. Мурда Ганси авиабазасы турганда тынчтык жок болчу. Америкалык учактар күрүлдөп уктатышчу эмес. Алар тынбай учушчу. Анан конгон учурда катуу добуш чыгарышчу. Азыр учактар эртең менен анан кечинде учушат.
 
Көрүстөндө 40ка чукул адам жай казышып жатыптыр. Жер аппак болуп, тоңуп турат. Адам күчү жетпегендиктен техника менен үстүнкү катмарын чукутуп алышыптыр. Жигиттер чолок көйнөккө дейре чечинип чуңкурдун ичинде иштешүүдө. Активисттер бардык жерде шайдоот, жардам берейин деп турушат. Бул жерге да ысык тамактарды алып келе калышты.
Бул жерде эки үй-бүлөгө орун даярдалып жатканын айтышты. Ошол күнү 6 адам бүтүндөй бир үй-бүлө мүчөлөрү коюлмак.
«Бир үй-бүлөдөн баары жок болушту. Аялынын боюнда бар экен. Өлүкканадан баласын ичинен чыгарышып алыптыр. Күйөөсүнүн буттары түздөлбөй, бүгүлгөн бойдон күйүп калыптыр», – дешти.
Иштеп жаткан балдардын бири бөлөмө жай казып жатам деп ыйлайт. Бөлөсү 34 гана жашта болгон экен. Анын аялы, кызы, уулу да аман калбаптыр. Улуу баласы Азамат мектепке кетип, тирүү калыптыр.
Шаарга кайтып баратып чоң жолдо транспорт күтүп турсам, «Жорго» таксиси келип токтоду. Айдоочусу Санжар: "эки күндөн бери дачадагыларга жардам бере тургандарды бекер ташып жатабыз", – дейт. Анын айтымында, «Жоргодо» иштеген 2 жигит да кырсыктан мүрт кетишиптир. Бир нече күн мурун эле чогуу отурдук эле,  – дейт.
Жаман-жакшысы, ак-карасы эриш-аркак жүргөн дүйнө. Кимдин кимдиги жай турмушта эмес, жамандыкта билинет деген ырас. Борборго чейинки 25 чакырымдык жолдо кырсык салган кайгынын таасиринен чыга албай, капкара жер көзгө элестеп келдим. Анан калаадагы капарсыз жүздөр башталды.
 Жакындарынын бири эмес бир нечесинен ажырап, кан жутуп, сай-сөөгү сыздап отургандарга Кудай сабыр берсин. Бул адам чыдагыс оор трагедияны жарык жашоодо көтөрүп жүрүүнүн өзү кандай оор. Анын баарын өзүбүздөн өткөрүп, катуу кайгырып турабыз. Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун, жандарын жаннаттан берсин!
 
Жаркынай Эргешбаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.