Курс НБ на 02.07.2020 $78,7872 €89,0098

Кыргызымдын кыздары, бизди уят кылбагыла...

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
447
Өткөн аптада Түркиянын полициясы Стамбулдун Силиври районунда сойкулук менен алектенген 84 кыз-келинди кармады. 142 полицей иттердин жардамы менен 5 мейманкананы жана 7 көңүл ачуу борборлорун тинтип чыкты. Натыйжада, молдовалык – 27, украиналык – 27, марокколук – 10, белоруссиялык – 6, орусиялык – 5, грузиялык – 4, ошондой эле кыргыз, өзбек, армян жана азербайжан улутундагы келин кыздар кармалышкан. Анализ тапшыруудан кийин алардын 13үндө СПИД, сифилис жана гепатит бар экендиги аныкталган.
Кошумчаласак, haberler.comдун маалыматы боюнча ошол эле өткөн аптада Аланья шаарында сойкулук кылып жүргөн кыргызстандык 26 жаштагы Назгүл жана 24 жаштагы Нуризат аттуу эки кыз, алардын сутенёру 24 жаштагы Харун кармалган. Кыргызстандык кыздар өлкөдөн депортацияланышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.