Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды

Коом
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
413
Кыргызстандын   вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки тараптуу маселелердин жыйындысын кароо боюнча кезектеги кыргыз-тажик өкмөт аралык жыйынын Бишкекте, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жыйынды Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү сунуштады. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.