Курс НБ на 22.10.2019 $69,7890 €77,9334

​Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту

Коом
17 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
59
Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын Согди облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Ражабали Рахмонали мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды талкуулашты. Жолугушууда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы чек ара тилкесиндеги кооптуу абалды турукташтыруу тууралуу сөз болуп, тараптар бирдиктүү иш алып баруу планын иштеп чыгышты. Жакынкы сааттарда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт,-делет маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу