Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Кыргызстандык университеттердин карааны кырдан да көрүнбөйт

Коом
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
507
Кыргызстанда 52 университет бар жана быйыл аларда 199 миң 505 студент билим алышууда. Бирок, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларын мыкты деп айтууга ооз барбайт. Анткени, бүтүрүүчүлөрдүн 80%дан ашыгы жумуш таба алышпайт.
Британиялык Times Higher Education (THE) журналы 21-сентябрда дүйнөлүк университеттердин рейтинги боюнча THE World University Rankings 2016−17 глобалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялады. Бул тизмеде кыргызстандык бир дагы университет жок. Ал эми дүйнөдөгү мыкты деп эсептелген 980 университеттин катарына Орусиядан 24 университет кошулган. Тизменин алдыңкы саптарын дээрлик америкалык жана британиялык университеттер ээлеген.
Дурус деген университеттерибиздин арасынан дүйнөлүк рейтингде Кыргыз-Түрк«Манас» университети 5323-орунда, Борбор Азиялык Америка университети - 5436, Кыргыз-Орусиялык Славян университети – 5799-орунда экендиги белгилүү болду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.