Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Кыргызстанда мектепке барбаган 2 миң 477 бала бар

Коом
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
409
Алардын 1015и кыздар жана 1462си балдар. Мындай маалыматты кечээ, Кыздардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленген 11-октябрда өлкөбүздүн билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.
 Айтымында, балдардын мектепке барбай жатышына үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктар, жолдун алыстыгы, жыйым-терим жумуштарынын бүтпөй жатышы, ошондой эле диний көз караштар жолтоо болууда. Гулшан Абдылдаеванын айтымында, балдардын мектептен калуусуна мугалимдердин ар кандай шылтоолор менен ыгы жок акча жыйноолору да себеп болушу да мүмкүн.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.