Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүгө көзөмөл күчөтүлөт

Коом
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
677
Быйыл 8 айда өлкө аймагында 3667 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 567 адам набыт болду, 5690 киши ар кандай жаракаттарды алышты. “Бул жагдай Өкмөттү жана жалпы коомчулукту өзгөчө ойлондурат. Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер органдары көрүп жаткан чаралар жетишсиз болууда”, - деди 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Жол эрежелерин бузгандарды фото-видео каттоого алуучу комплекстерди кыймыл кыйма-чийме болгон жол тилкелерине орнотуу зарыл. Тилекке каршы каражат тартыш. Болбосо, тажрыйба мындай жабдууларды орнотуу жол кырсыктарынын санын азайтууга өбөлгө түзөрүн далилдөөдө. Мисалы, Военно-Антоновка айылында ушундай жабдууларды орноткондон кийин жол эрежесин бузуу 80 эсеге кыскарган, кырсыктан мерт кеткендер менен жаракат алгандар 7 эсеге азайган.
“Жакында Бишкек шаарынын мэриясы жол кесилиштерине фото-видеокатточу жабдууларды орнотууга 30 млн сом бөлөт. Чүй облусунун райондорунда да ушундай жумуштар жүзөгө ашырылат”, - деди Өкмөт башчы. Айтымында, жол кыймыл эрежесин бузгандык үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору даяр болоор менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Андан сырткары, автомектептерде окутуунун тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле жарандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү процесстерине көзөмөл күчөтүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.