Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Кыргызстан Улуу Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда медиа аянтча түзүүнү сунуштады

Коом
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
536
 ЭКСПО "Кытай-Евразия" эл аралык көргөзмөнүн негизинде форум болуп өттү. Анда алдыда аткарылуучу пландар талкууга алынды.
 Кыргызстан Улуу Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда медиа аянтча түзүүнү сунуштады. Мындай демилгени Үрүмчү шаарында "Кытай-Евразия" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жаткан маалымат форумунда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, медиа аянтча маалымат каражаттарынын узак убакытка чейин кызматташуусу үчүн зарыл. "Мындай ресурстун жардамы менен биз өлкөдөгү жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар жөнүндө маалымат менен алмашып турмакпыз. Буга жакында эле болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун мисал катары алсак болот",- деди министрдин орун басары.
 Форумдун жүрүшүндө телевидение, радио жана пресса алкагында болгон кызматташуу жөнүндө КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин маалымат кызматынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Форумга 14 өлкөдөн келген ЖМК өкүлдөрү катышты.

Булак: Sputnik Кыргызстан


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.