Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Кыргызстан менен Кытай Республикасынын достугунун 25 жылдыгына арналган “Кош кел, санжыралуу Нооруз” майрамдык иш-чарасы

Коом
23 - Март 2017
www.erkintoo.kg
745
20-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Тельман айылында Карыпбай Курмановдун 110 жылдыгына, К.Курманов атындагы мектебинин 50 жана Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтыктын 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
                            Мамлекеттик гимн менен башталган майрамдоодо мектеп окуучуларын жана айыл тургундарын Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева, Кытай Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа мырза жана Чүй облусунун Ыйгарым укутуу өкүлүнүн аппарат башчысы Бактыбек Орозбаев куттукташты. Өз сөзүндө Замира Акбагышева Карыпбай Курманов Кыргызстандын  тарыхында экономикалык-социалдык тармагына болгон салымы өтө чоң деп баса белгиледи. Өз кезегинде, айылдын жигердүү жана көрүнүктүү ишмерлерди Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы менен сыйлап, мектеп директору Ч. Иманалиевага белгилүү “Кыргызстан айымдары” энциклопедиясын белекке берди. Кытай Республикасынын элчиси Сяо Цинхуа өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстан жана Кытай мамлекеттеринин ортосунда достук мамиле мындан миң жыл мурун башталган жана келечекте андан да жакшы эки тараптуу долбоорлор ишке ашаарын билдирди жана мектеп жамаатына плазмалуу телевизор, ал эми окуучуларга окуу куралдарын белекке берди. Куттуктоо сөздөрдөн кийин майрамдоо Карыпбай Курманов атындагы орто мектептин окуучулары катышкан “Кош кел, санжыралуу Нооруз!” аттуу адабий-музыкалык чыгармасы менен коштолду. Кыргыздын улуу инсандарына арналган презентациялар, Ноорузду даңазалаган ар улуттун бийи майрамдык кеченин көркүн ачты. Сын-Таш районунун Ак-Сай айылынын ардактуу тургуну Г.Абдиева иш-чаранын конокторун жана катышуучуларын жаз майрамдары менен куттуктап, Конгресстин жетекчиси З.Акбагышевага арнаган автордук чыгармасын тартуулады. Майрамдык концерттин соңунда мектеп директору Ч.Иманалиева тургундарды жана конокторду мектептин атынан улуттук Нооруз майрамы менен куттуктап, бул иш чара  Нооруз майрамы менен бирге эл баатыры Карыпбай Курмановдун 110 жылдыгына, мектептин 50 жылдыгы жана Кыргыз-Кытай мамилелеринин 25 жылдыгына арналганын баса белгилеп, сыйлуу коноктору З.Акбагышева, Сяо Цинхуа мырза жана анын жубайы Лю Янь айымга, ошондой эле жалпы айыл тургундарына ыраазылык билдирди. Майрамдоонун соңунда мектеп окуучулар тарабынан “Кыргызстаным” аттуу патриоттук ырдын коштоосунда туубуз көтөрүлүп иш жыйынтыкталды.
                            Кошумчалай кетсек, мектеп иштеп баштагандан бери мектеп дубалынан 30 000 бүтүрүүчү учуп чыккан. Мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрү – КРнын эмгек сиңирген артисти Асыл Набиева, билим берүү отличниги Дыйканбаева К.Ж, философия жана укук тануу институтунун жетекчиси Осмон Тогузаков, экономика министрлигинин башкы адиси Жумалиев Зайнидин, Чүй облусунун губернатору Кудайбергенов Бактыбек Жапарович болуп саналат. Мектеп бутүрүүчүлөрү учурда өлкөнүн ар тармагында жана КМШ мамлекеттеринде иштейт. Мектепке Кыргыз ССРинин Чүй облусуна байланыштуу Чүй районундагы “Сын-Таш” колхозунун төрагасы Карыпбай Курмановдун (1907-1995, Кызыл-Арык а.) аты ыйгарылган. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты.  СССРдин Жогорку Президиумунун Жарлыгы менен 1966-ж. 22-мартында, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу болуп, Ленин ордени жана «Балка менен Орок» алтын медалы менен сыйланган.
         Кыргызстан Аялдар Конгресси көп жылдан бери Кытай Республикасы менен кызматташып келет. Эскерте кетсек, Кыргызстан жана Кытай Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына карата 2012-жылы Конгресстин бизнес-инкубатордук базасында, Шопоков шаарында кыргыз-кытай достук борбору ишин баштаган. Бир кыйла белгилүү болгондой, башында Конгресстин лидери Замира Акбагышева турган Кыргызстан аялдар делегациясы Кытайда өткөн ШКУнун мүчө-өлкөлөрү арасындагы эл аралык лидер-аялдардын семинарына катышып келген. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Аялдар Конгрессинин өкүлдөрү Кытайда окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
        
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.