Курс НБ на 15.10.2019 $69,8396 €77,0051

​Кыргызстан элдер ассамблеясы Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрөт

Коом
12 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
58
13-сентябрда белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата «Турдакун Усубалиев жана көп улуттуу Кыргызстан» аттуу салтанаттуу кече өткөрүлөт. Бул туурасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык байланыш мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан уюштурулууда. Ага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, Кыргызстанда жашаган этностордун өкүлдөрү катышат. Иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:30да башталат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу