Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Үңкүр-Тоодон кармалып кеткендер окуя тууралуу айтып беришти

Коом
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
579
Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" станциясынан Өзбекстандын милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен кыргызстандык төрт жаран бүгүн түнү мекенге кайтарылышкан. Алар маалымат каражаттарына  окуянын чоо-жайын түшүндүрүп беришти.

Өзбек милиционерлери кармап кетип 17 күндөн кийин Кыргызстанга кайтарылган Нурбек  Усупбаев Өзбекстандын убактылуу кармоочу жайында отурган мезгилде ага карата күч колдонулбаганын билдирди.   "Үңкүр-Тоодогу станцияда күндөгүдөй эле жүргөн элем. Бир маалда өзбек чек арачылары келип документ сурашты. Жанымда паспортум жок болчу. Ошол замат колума кишен салып эле алып кетишти. Убактылуу кармоочу жайда күч колдонулбаганы менен моралдык жактан кысым болуп жатты. Күндө "сени 10 жылга кесебиз" деген сыяктуу сөздөр айтылып жатты", — дейт ал. Нурбек кармалып тургандарга тамак-аш өз маалында берилип тургандыгын кошумчалады.
Жеңиш Ташматов болсо, аларга кысым көрсөтүлбөгөнүн ырастады.  "Буюрса баары жакшы. Бизге кысым көрсөтүп жаман мамиле жасашкан жок. Мамлекеттик жетекчилер менен күч органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп тил табышканы жакшы болду", — деп билдирген  Ташматов.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.