Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамдын укуктары мыйзам аркылуу корголот

Коом
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
538
Жогорку Кеӊеште кылмыш тууралуу билдирген жактарды коргоого багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз иш жөнүндөгү маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылат. Анын башкы милдети жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу болуп саналат. Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызы сыйлык катары бөлүнүп берилет, бирок ал 1 млн сомдон ашпоого тийиш. Талкуу жүрүшүндө айрым депутаттар мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, кээ бир беренелерде күмөн жоболор бар экенин белгилешти.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.