Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Коронавирус 345 адамдан аныкталды

Коом
08 - Июль 2020
Эркин Тоо
74

Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду. Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 67 жаштагы эркек, №6 шаардык ооруканада 52 жаштагы эркек, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 69, 55 жана 70 жаштагы үч эркек, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы эркек, Жалал-Абад облустук ооруканасында 53 жаштагы эркек, Ат-Башы аймактык ооруканасында 64 жаштагы эркек жана 55 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 63 жаштагы эркек жана 59, 70 жаштагы эки аял, Москва аймактык ооруканасында 49 жаштагы аял бейтап.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу