Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

Коргоо тармагын жакшыртуу сунушталууда

Коом
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
470
Коргоо тармагын жакшыртуу, көйгөйлөргө жол бербөө үчүн Коргоо тармагына тиешелүү комитетти кайрадан министрлик кылып түзүү сунушталуууда. Мындай сунуш менен “Бир бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев 9-ноябрда парламентте өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Эл өкүлү ар кандай эл аралык коркунучтар болуп турган чакта жана мекемедеги курал-жарактардын сатылышына байланышкан окуядан улам тармакты күчтөндүрүү керектигин билдирип, бирок азыр Коргоо комитети менен Чек ара кызматынын жетекчилери бат-баттан алмашып, аларды эстеп калууга мүмкүн болбой жатканына токтолгон. Бирок, бул  маселени премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө жетекчиси менен талкууланат деп билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.