Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Конституциянын өзгөрүүсү тууралуу рэп окулат

Коом
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
552
Кыргызстандын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана кыз ала качуу тууралуу  рэп-айтыш өтөт.  Айтыш 10-сентябрда Бишкек шаарындагы “Көз караш” деп аталган чоң көз айнектин жанында саат 14:00дө башталат.  Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аны уюштуруп жаткан Борбор Азиядагы дебат бирикмесинен кабарлашкан. Айтыштын  максаты – коомдогу көйгөйлөргө жаштарды чыгармачыл ыкма менен тартуу. Иш-чараны “Сорос-Кыргызстан” фонду колдоого алган. “ Айтышка катышуучуларга эшик ачык. Мындай бейформал талкуу жаштардын өз оюн түрдүү жолдор менен эркин билдирүүгө жол ачат”,- дешет уюштуруучулар.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.