Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Өкмөт “Эң мыкты айыл өкмөттөрүн” аныктады

Коом
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
626
Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагын жыйынтыктады. Жыйынтык 10-ноябрда жарыяланды. Маалыматтарга караганда, биринчи орунга Жалал-Абаддын Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтү татып, 3 млн. сомго ээ болсо, экинчи орунду  Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтү менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү алып, ар бири 1 млн. сомго татыктуу болду. Ал эми үчүнчү орунду Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтү алып 1 млн. сомго ээ болду. Ошондой эле премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругунун негизинде мыкты иш алып барган айыл өкмөт башчыларына “Ардак грамота” жана премьер-министрдин атынан ысымы жазылган сааттар ыйгарылды.
 
Айнура Шайкеева 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.