Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Өкмөт 14 товардын баасына чектөө киргизди

Коом
16 - Март 2020
www.erkintoo.kg
55
Өлкөдө эл көп колдонгон 14 товардын баасына өкмөт убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Коронавирустан улам базарларда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө болгон бааны көтөрүп жиберишкен. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн тизмесин берип, алардын баасы азыркы тапта бекитилип жатканын айтты. Биринчи кезекте ундун орток баасы бекитилет.
Баасына чектөө киргизиле турган азык-түлүктөрдүн тизмеси:
  • буудай уну;
  • нан;
  • сүт;
  • өсүмдүк майы;
  • жууган май (сливочный — ред.)
  • уй, кой, чочко, тоок эттери;
  • кумшекер;
  • күрүч;
  • макарон;
  • тооктун жумурткасы;
  • картошка.
Ошондой эле, жаратылыш газы, АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майлары, дизель жана көмүрдүн баасына да чектөө кирди.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу