Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Күйөөсү токол аларын уккан аял эки баласы менен терезеден секирип кетти

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
411
Ооганстандын түндүгүндө 35 жаштагы аял эки баласы менен көп кабаттуу имараттын терезесинен секирип, өз жанын кыюуга аракет жасаган. Бул тууралуу Khama Press басылмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына шилтеме берүү менен билдирди.  Окуя Балх провинциясындагы Мазари-Шариф шаарында болгон. Маалым болгондой, 35 жаштагы аялдын күйөөсү экинчи жолу никеге турарын билдирген. Мындан улам аял эки баласы менен бирге көп кабаттуу имараттын терезесинен секирген.  Аял менен эки баласы ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта алардын абалы оор экени айтылууда.  Буга чейин ушул эле Балх провинциясында кызганычтан улам күйөөсү 23 жаштагы аялынын эки кулагын кесип салган.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.