Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Кээ бир аймактарда окуу мектептерде жүргүзүлөт

Коом
12 - Август 2020
www.erkintoo.kg
170

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында коронавирус пандемиясынын шартында жаңы окуу жылында окутуу системасынын варианттары иштелип чыкты. Аны Билим берүү жана илим министрлигине караштуу эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп чыкты. «Санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жана жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынган чечим. Ошондой эле ата-энелерге окутуу форматын тандоо укугу берилет, мектеп жана ата-энелердин түзгѳн келишиминин негизинде», - деди ал. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коопсуз аймактарда же «жашыл зоналарда» мектептин менчигине, тибине карабай 1-11-класстарды окутуу салттуу түрдѳ жүргүзүлөт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, нѳѳмѳт класстар ачылышы мүмкүн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу