Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Кара-Балта шаары таза эмес суу ичеби?

Коом
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
646
11-октябрда Чүй облусунун Жайыл районунда Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет менен Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин биргелешкен көчмө жыйыны өттү.
Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу адегенде Талды-Булак айыл аймагындагы жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу абалы менен жеринен таанышты. Тургундардын айтымында, элеттиктер ушул кезге чейин сууну Кара-Балта суусунан түз алып пайдаланууда. Ал  суу атайын жайга топтолуп, тазалоодон өткөрүлбөйт. Анткени, Кара-Балта суусунан мал ичет, ага автомашиналар кулап, күйүүчү жана майлоочу майлар, мунайзат аралашкан учурлар көп кездешет. Таза суу абалы менен таанышуу жүрүшүндө 2003-жылы бул жерге суу чыпкалоо жабдуулары орнотулганы, ал азыркыга чейин иштебей турганы белгилүү болду.
Андан сырткары, эл өкүлдөрү Кара-Балта шаарындагы Жайыл аймактык бириктирилген оруукананын абалы менен таанышып, анда жаткан бейтаптардын акыбалын сурашты. Депутаттар тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына элеттик тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы тармактык комитеттер жеке көзөмөлүнө алмакчы.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.