Курс НБ на 30.05.2020 $73,7678 €82,0114

Кара материалдын касиети

Коом
14 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
439
Жаңы материал VantablackS-VIS деп аталып, бетине түшкөн жарыктын 99, 965% өзүнө сиңирип аларын Британиянын Surrey NanoSystems компаниясы маалымдады.
Ал алюминий негизге кычкылтек нанотүтүкчөлөрдү өстүрүү жолу менен алынган. Жаңы материал оптикалык электроникалык приборлордо же телескоптордо алыскы жылдыздарды көрүү, Күн нурунун кубатын жыйноо, проекциялык лазердик системалардын ишин жакшыртуу жана аскерий маскировка үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
VantablackS-VIS материалы Hubble космостук телескобунда колдонулган кара материалга караганда жарыкты 17 эсе аз чагылдырат. VantablackS-VIS деп аталган эң кара материал.
Ошондуктан жарыктын нурун минималдаштырып, жылдыздардын абдан сапаттуу сүрөтүн алганга мүмкүндүк берет. Тарыхтагы эң кара материал 2014-жылы жасалган. Syrrey NanoSystems компаниясынын өкүлү Бен Женсен: “Азыркы колдо бар коммерциялык абсорберлерге салыштырганда чоң кадам алга ташталды”, - дейт
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.