Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Кар көчкү бир чек арачынын өмүрүн алды

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
407
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 3-4-февралда өлкө аймагында 17 кар көчкү жүрүү катталды. Адам курмандыгы да орун алды.
Тактап айтканда, Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 106-чакырымында 4-февралда чек ара кызматынын “УАЗ-Хантер” автомашианасы кар көчкү алдында калып, анын кесепетинен 25 жаштагы чек арачы сержант мерт болду. Жоокердин жансыз денесин таңкы саат 5.30 чамасында жетип келген жолчулар жана чек арачылар кар алдынан алып чыгышты.
Бишкек-Ош автожолу мамлекеттик дирекциясы кар көчкү жүрүү коркунучу сакталып турган ушул тапта автомобиль айдоочуларды жолго чыкпоого чакырууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.