Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

Каармандык көрсөткөн студентке сый акы берилет

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
476
18 -январда Бишкек — Москва рейсинин жүргүнчүсүнө биринчи жардам көрсөткөн студент тууралуу социалдык тармактарды маалымат тараган эле. Ал эс-учун жоготуп, калтырак басып, инфарктка кабылуу коркунучуна  кабылган аялга биринчи жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калган.   Ал студент Медакадемиянын 4-курсунун студенти Темирлан Өмүрбеков болуп чыккан.  Ал учак Москванын Домодедово аэропортуна конгонго чейин бейтаптын жанында болуп, каармандык көрсөткөн.  Андыктан Мамлекеттик медициналык академиясы  Темирлан Өмүрбеков Москвага учуп бараткан учак ичиндеги жүргүнчү аялга биринчи жардам көрсөткөнү үчүн окуу  жай тарабынан сый акы берип сыйлаарын маалымдады.   Студентке сый акы берүү чечимин окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова чыгарган. Ал Темирландын мындай кадамы башка студенттерге үлгү болушу керектигин белгиледи,-делет маалыматта.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.