Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан аялдар гана жабыркабайт

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
552
4-февраль күнү  Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Ош шаар тургундарынын катышуусу менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, социалдык-экономикалык көйгөйлөр боюнча коомдук угуу болду.
 
Көпчүлүк зордук-зомбулуктун курмандыктары болгон аялдар көргөн кордуктары тууралуу ачык айтуудан тартынышарын айткан депутат Ирина Карамушкина: “Бирок, мындай учур алыс калды. Биз эми демократиялуу-эркин коомдун жарандары катары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы биргелешип күрөшүшүбүз керек”, – деди.
 
Буга себеп катары зордук-зомбулуктан аялдар гана жабыркабасын белгилеген депутат Рада Туманбаева, Кыргызстандагы аялдардын 58%ы, жаш балдардын  18%ы, кары- картаңдардын 15%ы, эркектердин 7%ы жабыркарын кошумчалады.
 
Ошондой эле Ош шаарындагы “Аялзат” коомдук уюмунун жетекчиси Наргиза Эштаеванын айтымында, зордук-зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго кайрылышат. Тагыраагы, 2015-жылдын статистикасы боюнча Ички иштер министрлигине кордук көргөн 3524 аял кайрылса, республикадагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 5661 зордук-зомбулуктун курмандыгы катталган. Ал эми кризистик борборлорго 2015-жылы 8458 аял жардам сурап келген.
 
Андыктан, жакында эле Жогорку Кеңештеги 2-окуудан өткөн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кризистик борборлорду каржылык колдоо багытындагы мыйзам долбоорунун зарылчылыгы коомдук угуу учурунда дагы бир жолу белгиленди. Тагыраагы, аталган мыйзам кабыл алынып калса, кризистик борборлорду колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 25 млн. сом бөлүнүшү керек.
 
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.