Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук системага өтүүдө

Коом
22 - Август 2019
www.erkintoo.kg
32
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун  “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты - Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук комитетинин ишин электрондук форматка өткөрүү аркылуу аткарылып жаткан ишти жеңилдетүү болуп саналат деди фонд өкүлдөрү. Окутууга Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата, Көлмө конушунун ҮДТ жетекчилери, медайымдары жана КДК активдүү мүчөлөрү катышты. Айта кетсек долбоордун алкагында Бишкектени 10 жаңы конуштун ҮДТ керектүү медициналык жабдуулар берилип, компьютер, принтерлер менен камсыз болушкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу