Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

​Издөөдө жүргөн кыз Москванын тергөө абагынан табылды

Коом
17 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
71
Издөөдө жүргөн кыргызстандык Москванын тергөө абагынан табылды. Бул туурасында  ИИМ кабарлады. Маалыматка ылайык,  20 жаштагы А.С. кылмыш кылгандыгы үчүн абакка киргизилген. Өткөн жылдын декабрь айында Россиядагы Кыргызстандын ИИМ өкүлчүлүгүнө кыргызстандык Н.А. аттуу жаран кайрылып, дайынсыз жоголгон кызын таап берүүгө жардам сураган. Ал кызы менен акыркы жолу 2019-жылдын декабрдын ортолорунан кийин байланышка чыкпаганын айткан. Жыйынтыгында изделип жаткан кыз уурулук кылгандыгы үчүн абакка киргизилгени маалым болду.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.