Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

Иттер дарылануудан өтүүдө

Коом
24 - Март 2017
www.erkintoo.kg
476
Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда  өлкө боюнча жылдын биринчи кварталына карата иттер эхинококкозго каршы дарылоодон өткөрүлгөн. " 2017-жылы 55 миң долларга "Азинокс" дарысынан 2 миллион таблетка алынган. Ветеринардык инспекциянын маалыматына ылайык, республика боюнча бардыгы 389 миң үйдө багылган ит бар. Алардын баары дарылоодон өтүүдө", - деп жазылат  маалыматта. Эске салсак, эхинококкоз – адамга иттерден жукчу оору. Андан эң алгач боор менен өпкө жабыркайт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.