Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Ич өткөккө каршы эмдөө жүргүзүлөт

Коом
14 - Август 2019
www.erkintoo.kg
15

13- августта  Бишкекте алдын ала эмдөө календарынын катарына ич өткөккө каршы эмдөөнү  киргизүү боюнча конференция өттү.  Ага   Саламаттыкты сактоо министрлигинин  өкүлдөрү, иммуннологдор, ВОВ регионалдык  бюросунун өкүлдөрү катышышты.
Мында Саламаттыкты сактоо министрлиги илимий-техникалык тобунун эксперттеринин  сунушу менен алдын ала эмдөө календарына ич өткөкө  каршы вакцинаны киргизүү белгиленди.  Эми октябрь айынан тартып өлкөнүн бардык  медициналык  мекемелеринде балдарга ич өткөккө каршы иммундаштыруу  жүргүзүлөт.  Дүйнө жүзү боюнча жаш балдар  арасында  ич өткөк (диарея) өтө көп кездешкен оору. Бул саламаттык сактоо кызматында  чоң көйгөй болуп эсептелет дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова. “Ушул учурдан пайдаланып  Кыргызстанга жаңы вакциналарды алып келгени үчүн  ВОВ регионалдык  бюросунун дарыгери Людмила Мосинага ыраазлык билдирем”- деди А. Акматова. Эске салсак, изилдөөлөргө караганда жыл сайын өлкөдө жаш балдар арасында ич өткөктүн алдын алып, вакцинанын жардамы менен 131  өлүмдүн алдын алса болот. Жыл сайын  2917 учур ич өткөк инфекциясы менен ооруканага жаткырылса, 17299 учур медициналык жардам менен кайрылгандар болот.
 
Элиза МАТИЕВА, Эркин Тоонун практиканты
 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу