Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

Гомохаррингтон лейкозго шыпаа болобу?

Коом
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
400
Кытай медицинасы лейкоз же кыргызча айтканда ак кан оорусун чөптөр менен ийгиликтүү дарылап жатат деп маалымдайт Science Translational Medicine журналы. Тисса деп аталган жемиш дарагынын жалбырактарынан даярдалган гомохаррингтон дарысын кабыл алган оор стадиядагы сыркоолор өз ден соолуктарын калыбына келтирип жатышат. Алардын баарысы буга чейин миелоиддик лейкоздун курч формасынан жабыркап, сакаюуга шыпаа таппай келишкен.
Гомохаррингтонин препаратын ичип жаткан 24 пациентин 20сы анын таасири күчтүү экендигин белгилешкен. Изилдөөлөр аталган дары препараты ак кандан жабыргандарга жана дарыгерлерге көп үмүт арттырууда. Ошондуктан, анын касиетин мындан ары да дыкаттык менен изилдөө зарыл дешет адистер. Гонконг университетинин илимпоздорунун айтымында, гомохаррингтонин Кытайда ондогон жылдардан бери эле миелоиддик лейкозду дарылоодо колдонулуп келген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.