Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды

Коом
06 - Июль 2020
Эркин Тоо
89

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, "Ганси" базасында буга чейин орто абалдагылар дарыланчу.

"Пневмониядан дарыланып жаткан орто абалдагы бейтаптардын саламаттыгы дароо оорлошуп кетип жатат. Абалы курчуп кеткендер да көп. Мындан улам министрликтин буйругу менен "Гансиге" реанимациялык блок ачылды. Ага Улуттук онкология жана гематология, Улуттук хирургия, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору жана Чүй облустук ооруканаларынын реаниматологдору жөнөтүлдү. Мындан сырткары, 112 кычкылтек концентратору орнотулду", — деди Каратаев.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу