Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Физиктер үчүн сынак жарыяланды

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
381
 Москванын физика-техникалык институту, "Яндекс" компаниясы, Россиянын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Тапшырманы аткар" аттуу долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу Россиянын илим жана маданият борборунун расмий сайты жазып чыкты. Билдирмеге караганда, долбоорго бардык курактагы жарандар жашаган жерине карабай катыша алат. "Тапшырманы аткар аттуу текшерүү иши 12-февралда саат 00.00дөн 23.59га (Москва убактысы боюнча) чейин уланат. Анда физика-техникалык жаатында суроолор берилет. Бардык катышуучулар электрондук сертификатка ээ болушат. Уюштуруу комитети иштин жыйынтыктарын 8-мартка чейин жарыялайт", — деп айтылат маалыматта. Сынакка катышуу үчүн сайт акылуу  катталуу керек.

Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.