Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

“Эрктүү айым” медалы айымдарга тапшырылды

Коом
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
614
Сезим кризистик борбору “Эрктүү айым” медалын аялдарга тапшырды. Аталган сыйлыкка  башынан оор турмушту кечирип, бирок ага моюн  сунбай жашоосун жакшы нукка буруп өмүр сүргөн 10 аялга  берилди. Бул медаль “Сезим” кризистик борбору тарабынан негизделип, аталган борбордо психологиялык жардам алып жаткан кардарлар ээ болду.  Мындай медаль тапшыруунун максаты, кыйын кырдаалда жашаган аялдарга жакшы жашоого үмүт бар экенин далилдеп, моралдык колдоо көрсөтүү дешет адистер.  Жыл сайын аталган борборго 300дөн ашык айым кайрылат. Алар 1 ай борбордо жашап өзүнө келгенден кийин ылайыктуу жумуш таап жашоосун улантат Бирок “Сезим” кризистик борбору психологиялык жардам алып кеткен аялдарды өз көзөмөлүнөн чыгарбайт. 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.